Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 26-майы № 322
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакир уулу Т. жана Мадалиев Н.А. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 322 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакир уулу Т. жана Мадалиев Н.А. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү каралууда, атап айтканда, саламаттык сактоо уюмдарында паллиативдик медициналык жардам көрсөтүүнү караштырган ченемдерди киргизүү сунушталууда.
Алсак, мыйзамдын долбооруна ылайык паллиативдик медициналык жардам айыккыс дарт менен ооруган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында, ооруудан арылтуу жана оорунун башка оор көрүнүштөрүн жеңилдетүүгө багытталган медициналык кийлигишүүлөрдүн комплекси болуп саналат.
Негиздеме-маалымкатта айтылган маалыматка ылайык, паллиативдик жардамдын көп түрлөрү бар жана аларды эки негизги топко бөлүштүрсө болот - үйдөн жана стационардан жардам берүү. Стационардык жардам паллиативдик жардамдын стационардык мекемелери тарабынан жүргүзүлөт, үйдөгү жардам - көчмө кызматтар тарабынан көрсөтүлөт. Бейтапты комплекстүү кароо үчүн эки учурда тең медициналык жана медициналык эмес кесиптеги кандай адистерди тартуу керек. Мында мыйзамдын долбоорунун жоболорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каржылоону бөлүп берүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.