Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 368 токтому менен бекитилген |
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) шайкештик сертификаттарынын бланктарын, бирдиктүү формадагы шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарын (мындан ары - бланктар) берүүнүн мөөнөтүн жана ырааттуулугун аныктайт.
2. Бланктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу сертификат боюнча расмий өкүлү, бажы союзунун сертификатташтыруу жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын Бирдиктүү реестринин (мындан ары - борборлор) улуттук бөлүгүнө киргизилген Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) шайкештик сертификаттарынын бланктарын алуу боюнча билдирүүнүн (мындан ары - билдирүү) негизинде ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бланктарды берүү, кайтаруу тартиби
3. КАБдан алгачкы жолу бланктарды алууда ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирүү гана берилет.
4. Бланктарды кайрадан алууда билдирүү КАБга төмөнкү документтер менен кошо берилет:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бланктарды пайдалануу тууралуу отчет;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бузулган бланктарды эсептен чыгаруу жөнүндө актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада бланктардын жоголгондугу билинген факты боюнча актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
5. Эгерде маалыматтардын толук эместиги же туура келбестиктер билинсе, КАБ билдирүүнү канааттандыруудан баш тартат.
6. Билдирүү канааттандырылууга тийиш, эгерде сертификатташтыруу боюнча органдын тескөөсүндө калган бланктардын саны акыркы билдирүү боюнча берилген бланктардын санынан 20 (жыйырма) пайыздан ашпаса. Бул шарт аткарылбаган учурда КАБ билдирүүнү канааттандыруудан баш тартат.
7. Сертификатташтыруу боюнча орган сын-пикирлер жоюлгандан кийин КАБга бланктарды алуу үчүн жаңы билдирүү берүүгө укуктуу.
8. КАБ алгачкы жолу бланктарды берүүдө билдирүү (каттоого) келип түшкөн күндөн тартып эки иш күндөн кечиктирбей 100 (жүз) даанадан ашпаган бланк берет. Кийин бланктар 1000 (миң) даанадан ашпаган санда берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бланк алып жаткан билдирүүчү ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген, бланктардын берилгенин эсепке алуу журналына алгандыгы тууралуу кол коюуга жана ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген, бланктарды кабыл алуу - өткөрүп берүү актына кол коюуга милдеттүү.
10. Эгерде бланктардан колдонууга болбой турган кемтиктер табылса, сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүк мөөнөттө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада бланктардан табылган кемтиктер тууралуу акт түзүшөт жана 1 нускасын бланктар менен чогуу КАБга ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берет.
11. Эгерде кемтиктер табылган бланктардын саны мурда алынган бланктардын санынын 50 (элүү) пайызынан ашып кетсе, сертификатташтыруу боюнча орган КАБга активдештирилген бланктардын санына барабар санда бланк алуу үчүн билдирүү берет.
3. Корутунду жоболор
12. Сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүн ичинде кызыкдар болгон органдарды (бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды, тийиштүү продукциялар үчүн мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдү) ишке ашырган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды) бланктар жоголгон бардык учурлар, номерлерин көрсөтүү менен жоголгон жагдайлар, күнөөлүү жана жоопко тартылган жактар жөнүндө, ошондой эле бланктардын жоголушун болтурбоого багытталган уюштуруучу чаралар тууралуу маалыматтарды расмий, жазуу жүзүндө маалымдоо жолу аркылуу жана сертификатташтыруу боюнча органдын расмий сайтына жайгаштыруу менен маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эгерде сертификатташтыруу боюнча орган жоголду деп саналган бланк табылса, сертификатташтыруу боюнча орган үч күндүн ичинде бланкты КАБга жөнөтөт, ал жок кылынууга тийиш.
14. Сертификатташтыруу боюнча органдын аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотууда аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтотуу же сертификатташтыруу боюнча органды жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде КАБга колдонулбаган бланктарды тиркөө менен, бланктардын колдонулушу жөнүндө отчет жиберет.
15. Бардык иш-аракеттер сертификатташтыруу боюнча органды жоюу жол-жоболору аяктаганга чейин ишке ашырылууга тийиш.
16. Сертификатташтыруу боюнча органдын аттестаты аккредитациялоо аракеттери жаңыртылгандан кийин гана билдирүү берүүгө мүмкүн.
17. Бланктар КАБдын жооптуу кызматкери тарабынан КАБдын иштөө графигине ылайык берилет.
|
| Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору _______________________________ (аты-жөнү) |
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формадагы бланктарын алууга БИЛДИРҮҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формадагы бланктарын алууга ________________________________ (алгачкы же экинчи жолку) билдирүү
Бланктарды __________________________________________________________ (бланктардын аталышы) ____________________________________ (жазуу жүзүндө) санда берүүңүздү өтүнөм.
Уюмдун аталышы __________________________________________________________
ИНН ___________________________, ОКП _____________________________________
Юридикалык дареги ________________________________________________________
Сертификатташтыруу боюнча органдын аталышы _______________________________
Аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын номери жана берилген дата ________________
_________________________________________________________________________
Бирдиктүү документ берүү менен, шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого (ырастоого) тийиш болгон, Продукциялардын бирдиктүү тизмесине киргизилген продукциялардын шайкештигине баалоо жүргүзүү, же продукциянын шайкештигин баалоону Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык ишке ашыруу (керектүүсүн билдирүүдө көрсөткүлө).
Билдирүү үчүн жооптуу адам _______________________________________ (аты-жөнү)
Тел./факс ______________________, электрондук почта _________________________
Бланктарды экинчи жолу алууда билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Шайкештик сертификаттарынын бланктарын колдонгондугу тууралуу отчет.
2. Бузулган бланктарды эсептен чыгаруу жөнүндө акттын көчүрмөсү.
3. Бланктардын жоголгондугу билинген фактылар боюнча акттын көчүрмөсү.
Сертификатташтыруу боюнча органдын жетекчиси
________________________________ |
| ________________________ |
(аты-жөнү) |
| (колу) |
М.О. |
|
|
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
|
Форма
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна ______________________________ (аты-жөнү) |
Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
20__-ж. "__" ___________ тартып 20__-ж. "__" __________ чейин.
Сертификаттоо боюнча органдын аталышы, аккредитациялоо жөнүндө аттестаттын номери жана берилген күнү:
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
1. Отчеттук мезгилдин башталышына карата болгон бланктардын саны _________ даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар __________________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
отчеттук мезгилде алынган _______________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________.
2. Бланктарды отчеттук мезгилде пайдалануу:
а) Берилди ____________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктардан ___________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
отчеттук мезгилде алынган бланктардан ____________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
б) Бузулган ___________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар ____________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
отчеттук мезгилде алынган бланктардан __________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
в) Жоголгондор __________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар ___________ (саны) даана,
отчеттук мезгилде алынган бланктардан ___________ (саны) даана;
г) Кемтиктер табылган бланктар __________ (саны) даана, анын ичинен:
мурунку отчет боюнча калган бланктар __________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________;
отчеттук мезгилде алынган бланктардан ___________ (саны) даана,
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________.
3. 20__-ж. "___" __________ карата _________ даана бланк бар.
бланктардын номерлери ____________________________________________________
________________________________________________________________________.
4. Ушул отчётто келтирилген маалыматтарды ырастайбыз.
Сертификаттоо боюнча органдын жетекчиси:
________________________, |
| ________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
М.О.
|
| Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик сертификаттарынын бланктарынын, шайкештик сертификаттарынын тиркемелеринин бланктарынын бирдиктүү формаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Бекитем | |||
Жетекчи | ___________________________________ | ||
| (сертификаттоо боюнча органдын аталышы) | ||
| М.О. | __________ | ________________ |
|
| (колу) | (аты-жөнү) |
20__-ж. "__" ___________ | |||