Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 16-июну № 369
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "үй-интернаттардын", "үй-интернаттарынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык стационардык мекемелердин" жана "социалдык стационардык мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-7-тиркемелеринде:
аталыштарында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "үй-интернаттар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме