Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 4-декабры № 831
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы
№ 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүн мамлекеттик контролдоо тутумун, ошондой эле аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чараларын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1,2 жана 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасындагы контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесиндеги:
№ I баңгизат каражаттарынын тизмесиндеги - кыянаттык менен колдонууда өзгөчө зыяндуу кесепеттери боюнча өзгөчө коркунучтуу жана медициналык максатта пайдалануу көз карашында кызыкчылык туудурган баңгизат каражаттары:
- 55-пунктундагы “Метилтиофентанил” деген сөз “3-метилтиофентанил” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1071-пункт менен толукталсын: