Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун ушул методикасы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында адистерди республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутуу наркын эсептөөнүн эрежелерин жана тартибин аныктайт.
2. Методика кесиптик жогорку билим берүү программаларын мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик каржылоого өткөрүүнү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.
3. Ушул Методиканын максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
мамлекеттик билим берүү гранты - республика үчүн артыкчылыктуу болгон даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча адистерди даярдоонун мамлекеттик заказына киргизилген даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча жеке жак - грант алуучу ЖОЖдо окуусуна төлөөгө берилген республикалык бюджеттин каражаттары;
мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли - мамлекеттик билим берүү грантынын минималдуу өлчөмү;
даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору - даярдоо багыттарын (адистиктерди) бириктирүүчү топтор, булар боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын барабар өлчөмдөрү аныкталат;
түзөтүү коэффициенттери - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) ар бир нарктык тобу үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүн аныктоодо мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата колдонулуучу, даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жогорулатуучу коэффициенттер.
2. Мамлекеттик билим берүү грантынын түзүмү
4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын иш жүзүндө түзүлүп калган консолидацияланган чыгымдарынын негизинде бюджеттин эсебинен да, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынан түшкөн каражаттардын эсебинен да 1 студентке эсептелип жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик билим берүү гранты түз жана кыйыр чыгымдар болуп бөлүнүүчү, окуу процессин камсыз кылууга байланышкан учурдагы чыгымдардын ченемдерин камтыйт.
6. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын өлчөмүн эсептөөдө студенттерге берилүүчү стипендия чыгымдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим студенттердин тамак-ашына кеткен чыгымдар эсепке алынбайт.