Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 1-июлу № 370
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406, 2017-жылдын 3-февралындагы № 71, 2017-жылдын 2-июнундагы № 339, 2017-жылдын 23-июнундагы № 404, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун методикасы 2-тиркемеге ылайык;
- 2016/2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби:
2016-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонууга киргизиле тургандыгы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларына карата колдонулбай тургандыгы;