Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 6-сентябры № 485
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында окутуу методикаларын өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, "Билим берүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинде каралган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каражаттарынын чегинде ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен биргеликте (макулдашуу боюнча) билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлерин мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына киргизүү маселесин иштеп чыксын жана иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2016-жылдын 1-декабрына чейин конкреттүү сунуштарды киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |