Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 11-марты № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелеринде:
- жогоруда көрсөтүлгөн Эрежелердин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесинде:
- 1, 2-пункттардагы "Премьер-министринин" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары "транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү "жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү транспорттук контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ТКЫО) үчүн төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти аныктайт:";
- 2-пунктта: