Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 21-ноябры № 130

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

2019-жылдын 23-октябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 43-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоону кепилдейт.";

2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өндүрүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 54-берененин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 83-берененин 5-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) бузуулар боюнча иштер жөнүндө;";

5) 87-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 90-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.";

7) 106-беренеде:

а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Табылган бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салык төлөөчүнүн жасаган бузуулары боюнча салык кызматы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.";

б) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;