Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 13-январы № 4

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

257-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"18) тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу үчүн арналган комплектөөчү бөлүктөр.";

б) 2-бөлүгүндө "жана 17" деген сөздөр ", 17 жана 18" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

КР "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 3 (3182) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу

 

Т.Мамытов

 

 

 

2020-жылдын 16-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган