Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси
2021-жылдын 28-октябры № 127
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 11-майындагы № 99, 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133, 2023-жылдын 14-июлундагы № 135, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186, 2024-жылдын 22-январындагы № 24, 2024-жылдын 25-январындагы № 27, 2024-жылдын 16-февралындагы № 50, 2024-жылдын 26-февралындагы № 57, 2024-жылдын 16-майындагы № 86, 2024-жылдын 3-июлундагы № 112, 2024-жылдын 8-июлундагы № 114, 2024-жылдын 8-июлундагы № 115, 2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2024-жылдын 24-июлундагы № 147, 2024-жылдын 26-июлундагы № 149, 2024-жылдын 29-июлундагы № 153, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2025-жылдын 19-майындагы № 97, 2025-жылдын 10-июнундагы № 115, 2025-жылдын 18-июлундагы № 151, 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 250, 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259, 2026-жылдын 19-мартындагы № 30, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114, 2026-жылдын 24-июлунда № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ
1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери
1-берене. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамы ушул Кодекстен турат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.
2. Кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган башка мыйзам актылары ушул Кодекске киргизилгенден кийин колдонулууга жатат.
3. Ушул Кодекстин максаттары инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, айлана-чөйрөнү, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо, адамзаттын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигинин принциптерин, Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негиздерин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, кылмыш деп таанылган, коомго коркунучтуу жосундардын чөйрөсүн, кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрүн жана кылмыш-жаза-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аныктоо болуп саналат.
2-берене. Мыйзамдуулук принциби
Жосундун кылмыштуулугу жана анын жазалануусу, ошондой эле башка кылмыш-жаза-укуктук кесепеттери ушул Кодекс менен гана аныкталат.
3-берене. Юридикалык аныктык принциби
1. Юридикалык аныктык бул кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык белгилерин ушул Кодекс менен так белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирет.
2. Кылмыш-жаза мыйзамы жазалануучу жосунду (аракетти же аракетсиздикти) так жана айкын аныктоого тийиш жана кеңири түшүндүрүүгө жатпайт.
3. Кылмыш-жаза мыйзамын окшоштуруп колдонууга тыюу салынат.
4-берене. Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби