Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫК КОДЕКСИ
2022-жылдын 18-январы № 3
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамы менен 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилди)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Кодекс) төмөнкүдөй мамилелерди жөнгө салат:
1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;
2) салык контролун жүзөгө ашыруу процессинде келип чыгуучу;
3) бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын эсептөө жана төлөө боюнча;
4) салыктык карыздын суммасын өндүрүү боюнча;
5) ушул Кодекстин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча;
6) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызмат адамдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча;
7) салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча.
Ушул Кодекстин максатында ушул бөлүктө каралган мамилелерди ишке ашыруу менен байланышкан салык кызматынын органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу салыктык администрациялоо деп таанылат.
2. Ушул Кодекс ошондой эле салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктук статусун белгилейт.
3. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан салык алуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карата жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.