Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 29 июлундагы № 457 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 20-июну № 296
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 118-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын ТИЗМЕСИ
Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
1. Кургак учуктун төмөнкү түрлөрү жана формалары:
- ички органдардын амилоидозу менен күчөп кеткен омуртка, жоон сөөктөрдүн жана муундардын кургак учугу, заара чыгаруучу жолдордун өз алдынча процесси жана терминалдык стадияда эмгекке жарамдуулугун толук жана туруксуз жоготуу менен коштолгон бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги аркылуу күчөп кеткен бөйрөктүн эки тараптуу көңдөйлүү кургак учугу;
- көп жана кеңири дарыга көнгөн дарылануунун жагымсыз бүтүшү жана III даражадагы өпкө-жүрөктүн жетишсиздиги менен коштолгон кургак учук.
2. Шишиктердин төмөнкү түрлөрү:
- Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясы боюнча 4-клиникалык топтогу бардык залалдуу шишиктердин IV стадиясы;