Загрузка документа…
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык) |
Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 13-майындагы № 222 , 2019-жылдын 29-августундагы № 437 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 129, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобонун колдонуу чөйрөсү
1. Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери тарабынан финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) отчетторду (маалыматты) берүүнүн тартибин, ошондой эле финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери тарабынан маалыматты ачыктоо тартибин аныктайт.
2. Маалымат кандай максатта алынып жаткандыгына карабай бардык кызыкдар жактар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маалыматты ачыктоо деп түшүнүлөт.
3. Финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жалпыга таандык деп таанылган маалыматтар ачыкталууга тийиш.
4. Ачыктоо боюнча иш-аракеттер жасалган маалымат ачыкталган маалымат деп таанылат.
5. Кызматтык маалыматтар ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда ачыкталууга тийиш.
6. Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери тарабынан отчет түзүү жана берүү үчүн жоопкерчиликти финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъектисинин жетекчиси тартат.
7. Отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо боюнча ушул Жобонун талаптары бузулган, ошондой эле берилген отчетто (маалыматта), ачыкталган маалыматта жалган маалыматтар аныкталган учурда отчет (маалымат) берүүгө жана маалыматты ачыктоого милдеттүү адамдар ушул Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъектиси берген жана жалпыга таандык болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ачыктоого укуктуу.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын региондук бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъектисинен Кыргыз Республикасынын финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кошумча маалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу.
10. Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери отчетторду кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө берет же болбосо электрондук отчет тапшырат.
11. Кагаз түрүндө берилген отчетко жетекчи жана башкы бухгалтер же алардын милдетин аткарган адамдар кол коёт, ал мөөр менен күбөлөндүрүлөт, ар бир барагына номер коюлат жана көктөлөт. Кагаз түрүндө берилген отчеттун мазмуну электрондук алып жүрүүчүдө тапшырылган отчеттун мазмунуна шайкеш келиши керек.
12. Электрондук отчет электрондук санариптик кол тамга менен тастыкталып, электрондук формада отчетту өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сервистик борбору аркылуу электрондук түрдө берилет. Электрондук отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыккан электрондук форматта берилет. Көрсөтүлгөн форманы толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программалык продуктусу колдонулат. Тапшырылган документтердин юридикалык күчү жетекчинин жана башкы бухгалтердин же алардын милдетин аткарган адамдардын электрондук санариптик кол тамгасы менен тастыкталууга тийиш.
13. Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери финансылык чалгындоо органына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъекттери тарабынан маалыматты ачыктоо
14. Жөнгө салынуучу субъекттер берген бардык отчеттордун курамына ушул Жобонун 1-тиркемеси кирет.
15. Ачык компания болуп саналган эмитент өзүнүн финансы-чарбалык иши жана баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык баалуу кагаздар боюнча жылдык жана кварталдык отчет түрүндө мезгил-мезгили менен ачыктап турууга тийиш.
16. Ачык компания болуп саналган эмитенттин жылдык отчету үч нускада түзүлөт.
Жылдык отчеттун бир нускасы жана аны ачыктоо жөнүндө маалымат ачык компания болуп саналган эмитенттин расмий бланкына жазылган коштомо кат менен бирге ачык компания болуп саналган эмитенттин ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 35 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Жылдык отчеттун экинчи нускасы ачык компания болуп саналган эмитентте сакталат жана эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлерине алардын суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш. Отчеттун үчүнчү нускасы ачык компания болуп саналган эмитенттин ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен анын баалуу кагаздарын листинг кылган фондулук биржага жиберилет.
Жылдык отчетко ачык компания болуп саналган эмитенттин жана эмитенттин эсептөө комиссиясынын жылдык чогулушунун протоколдорунун көчүрмөлөрү көктөлөт.
Ачык компания болуп саналган эмитенттин жылдык отчетунун, анын ичинде финансылык отчетунун жана аудитордук корутундунун кыскача баяндамасы акционерлердин жылдык чогулушу өткөндөн кийин ушул Жобонун 2-1-тиркемесине ылайык эки айдын ичинде, бирок отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарына же баалуу кагаздардын тооругунун лицензиясы бар уюштуруучунун (фондулук биржанын) расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ачык компания болуп саналган эмитенттин кварталдык отчету үч нускада түзүлөт. Кварталдык отчеттун бир нускасы ачык компания болуп саналган эмитенттин бланкына жазылган коштомо кат менен бирге отчеттук квартал аяктагандан кийин 35 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Кварталдык отчеттун экинчи нускасы отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен анын баалуу кагаздарын листинг кылган фондулук биржага берилет. Кварталдык отчеттун үчүнчү нускасы ачык компания болуп саналган эмитентте сакталат жана эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлерине жана потенциалдуу инвесторлорго алардын суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш.
Кварталдык отчеттун, анын ичинде финансылык отчеттун кыскача баяндамасы отчеттук квартал аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоонун басма сөз же электрондук каражаттарына жарыяланууга тийиш. Ушул Жобонун 2-1-тиркемесине ылайык түзүлгөн кварталдык отчеттун кыскача баяндамасы лицензиясы бар баалуу кагаздарды сатууну уюштуруучунун (фондулук биржанын) расмий сайтына жарыяланышы мүмкүн.
18. Ачык компания болуп саналган эмитент анын финансы-чарбалык ишине тиешеси бар олуттуу фактылар (окуялар жана аракеттер) жөнүндө маалыматты ачыктоого милдеттүү.
19. Эмитент олуттуу факты жөнүндө маалыматты ачыктаган күндөн тартып 3 иш күндөн кечиктирбестен ал маалыматты жана аны ачыктоо жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
Эмитент олуттуу факты болгон учурдан тартып 5 иш күндөн кечиктирбестен фондулук биржага олуттуу факты жөнүндө маалыматты билдирүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде олуттуу факты жөнүндө маалыматты баалуу кагаздардын ээлеринин көпчүлүгүнө жеткиликтүү тираж менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
20. Олуттуу факты жөнүндө билдирүүдө эмитенттин фирмалык толук аталышы, анын жайгашкан жери, ошондой эле олуттуу факты жөнүндө билдирүү үчүн ушул Жободо каралган башка маалымат камтылышы керек. Олуттуу факты жөнүндө билдирүүдө талап кылынган маалымат камтылбаган учурда анын жоктугунун себеби көрсөтүлүүгө тийиш.
21. Олуттуу факты жөнүндө билдирүү көктөлөт (эгерде ал эки же андан ашуун баракта берилсе), ага эмитенттин жетекчиси кол коёт. Ар бир олуттуу фактыга өзүнчө билдирүү түзүлөт.
22. Олуттуу факты жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсү эмитенттин эмиссиялык баалуу кагаздарынын ээлерине жана башка кызыкдар жактарга алардын суроо-талабы боюнча, суроо талап берилген учурдан тартып 5 күндүн ичинде берилет.
23. Эмитенттин финансы-чарбалык ишине таандык, ачыкталууга тийиш болгон олуттуу фактылар ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
24. Инвестициялык фонддордун отчетторунан тышкары баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчеттору отчеттук мезгилден кийин 30 күндүн ичинде берилет. Брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу ишин жүргүзгөн кесипкөй катышуучунун отчеттору баалуу кагаздар рыногундагы брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу ишин жүргүзүү жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 3-7-отчеттордун формалары боюнча берилген отчеттордон, уюмдун финансылык абалын мүнөздөп көрсөтүүчү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 12-форма боюнча берилген эсептик көрсөткүчтөрдөн, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 13-форма боюнча берилген бүтүмдөр жөнүндө маалыматтардан турат.
Пенсиялык топтолуучу каражаттарды ишенимдүү башкаруу учурунда пенсиялык топтолуучу каражаттарды инвестициялоо жөнүндө отчеттор ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 8-11-отчеттордун формалары боюнча кошумча берилет.
25. Брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу ишин жүргүзгөн кесипкөй катышуучулар квартал сайын баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөр жана финансылык абалды мүнөздөөчү көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 5 жана 12-формалар боюнча берет. Ошондой эле операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен кесипкөй катышуучу тарабынан бир жолку операция жасалгандан кийин 5 күндүн ичинде маалымат ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 13-форма боюнча берилет. Жылдык отчет отчеттордун бардык түрлөрү боюнча түзүлөт.
Пенсиялык топтолуучу каражаттарды ишенимдүү башкаруу учурунда пенсиялык топтолуучу каражаттарды инвестициялоо жөнүндө отчеттор ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 8-11-формалар боюнча квартал сайын берилет.
26. Энчилүү баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жана сактоо ишин жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жана депозитарийдин (мындан ары - каттоочулар) отчеттору Кыргыз Республикасында энчилүү баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жана сактоо ишин жүргүзүү жөнүндө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 1 жана 2-формалар боюнча берилүүчү отчеттордон, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 12-форма боюнча уюмдун финансылык абалын мүнөздөгөн эсептик көрсөткүчтөрдөн, бухгалтердик отчеттордон турат.
27. Каттоочулар энчилүү баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү операциялары боюнча финансылык абалды мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 1 жана 12-формалар боюнча квартал сайын берет. Ошондой эле операция боюнча баалуу кагаздардын саны көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмес болсо, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын бир түрү менен кесипкөй катышуучу тарабынан бир жолку операция жасагандан кийин 5 күндүн ичинде маалымат ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 13-форма боюнча берилет. Жылдык отчет отчеттордун бардык түрлөрү боюнча түзүлөт.
28. Фондулук биржалар отчетторду ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Фондулук биржа төмөнкүлөрдү камтыган ар айлык отчетту тапшырууга милдеттүү:
- фондулук биржадагы листингге киргизилген баалуу кагаздардын тизмеси, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча;
- фондулук биржадагы листингден чыгарылган баалуу кагаздардын тизмеси, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча;
- соодага катышуучулардын жана ыйгарым укуктуу трейдерлердин реестри, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 4-форма боюнча;
- фондулук биржанын соода системасы аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарга сом менен жасалган бүтүмдүн эң чоң суммасына ээ болгон 5 соодага катышуучу жөнүндө маалыматтар, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 5-форма боюнча;
- отчеттук айдагы биринчи жана экинчи рынок боюнча бүтүмдөрдүн көлөмүн жана санын көрсөтүү менен фондулук биржанын соода системасында жасалган бүтүмдүн жалпы көлөмү жана саны, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 6-форма боюнча;
- айдагы (календарлык) сооданын жыйынтыктары жөнүндө топтомо маалымат, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 7-10-формалар боюнча;
Фондулук биржа ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү камтыган кварталдык отчетту тапшырууга милдеттүү:
- фондулук биржанын аракеттеринин жана андагы окуялардын кыскача баяндамасын, ал фондулук биржадагы олуттуу окуялар, өткөн кварталдагы фондулук биржанын ишинин жыйынтыгы, фондулук биржанын ишинин келечеги жана тенденциялары жөнүндө маалыматтарды, фондулук биржалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо зарыл деп эсептеген башка маалыматтарды камтууга тийиш. Баяндама квартал сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет;
- акционерлер жана фондулук биржанын соодасына катышкандар жөнүндө жалпы маалыматтар, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча;
- уюмдун эсептик саясаты жөнүндө буйруктун (тескеме) көчүрмөсү,
- өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдеринин эсептери, ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык 12-форма боюнча.
29. Фондулук биржа төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган ыкчам отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турууга милдеттүү:
- баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле фондулук биржанын эрежелерин жана ички операциялык жол-жоболорун соодага катышуучунун табылган бузуулары тууралуу (мындан ары - соодага катышуучунун бузуулары). Соодага катышуучунун бардык табылган бузуулары тууралуу маалыматтарда бузуулардын фактылары менен жагдайлары баяндалышы керек, мында табылган бузууларга тиешеси бар материалдар милдеттүү түрдө тиркелет. Көрсөтүлгөн маалыматтар фондулук биржанын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен күбөлөндүрүлүп, бузуу фактысы аныкталгандан кийин бир иш күндүн ичинде факсимиль байланышы жана (же) чабарман аркылуу же болбосо электрондук отчеттордун системасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек;
- фондулук биржанын соода системаларындагы үзгүлтүктөр жөнүндө. Фондулук биржанын соода системасындагы үзгүлтүктөр жөнүндө маалыматтар фондулук биржанын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен күбөлөндүрүлүп, үзгүлтүккө учуроо фактысы аныкталгандан кийин 6 сааттын ичинде факсимиль байланышы жана (же) чабарман аркылуу же болбосо электрондук отчеттордун системасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек.
30. Инвестициялык фонддор тарабынан отчетторду берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү:
1) акционердик инвестициялык фонд төмөнкүлөрдү берет:
- квартал сайын, отчеттук квартал аяктагандан кийин 35 календарлык күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 1-5-формалар боюнча түшүндүрмө катты;
- акционердик инвестициялык фонддун ыйгарым укуктуу органы жылдык отчетту бекиткенден кийин 35 календарлык күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 1-5-формалар боюнча аудитордун бүтүмү менен жылдык отчетторду;
2) үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары тарабынан төмөнкүлөр бир нускадан берилет:
- ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин, ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 9-12-формалар боюнча;
- квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 30уна чейин, киреше жана чыгаша жөнүндө кварталдык отчеттун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык 6-8-формалар боюнча түшүндүрмө катын тиркөө менен;
- отчеттук жыл аяктагандан кийин 60 күндүн ичинде - аудитордун корутундусу менен жылдык отчетту, ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 6-12-формалар боюнча.
31. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын отчеттору ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык берилет. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү беришет:
- камсыздандыруу компаниясы боюнча отчеттук мезгилдин ичинде түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматты, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча;
- кайра камсыздандырууга өткөрүп берилгендерди эске алуу менен камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматты, камсыздандыруу компаниясы боюнча отчеттук мезгилдин ичинде токтотулган милдеттенмелерди, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча;
- камсыздандыруудан түшкөн сыйлык жана ордун толтуруу иретинде камсыздандыруучу төлөмдөр жөнүндө маалыматты, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 4-форма боюнча;
- пруденциялык ченемдерди ишке ашыруу жөнүндө отчетту, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 6.1-форма боюнча;
- акы төлөө жөндөмүнүн пруденциялык ченемдерин эсептөө үчүн кошумча маалыматты, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 6.2-форма боюнча.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү беришет:
- камсыздандыруу компаниялары боюнча кайра камсыздандырууга берилгендерди эске алуу менен камсыздандыруунун колдонуудагы келишимдери боюнча маалыматтарды, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөө жөнүндө отчетту, ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык 5-форма боюнча.
32. Топтолуучу пенсиялык фонддордун отчеттору ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берилет. Топтолуучу пенсиялык фонддор төмөнкүлөрдү беришет:
- финансылык иш жөнүндө отчетту, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча;
- катышуучулардын санын жана салымдар менен төлөнгөн пенсиялардын суммасын, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча;
- пруденциялык ченемдерди ишке ашыруу жөнүндө отчет, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча;
- акы төлөө жөндөмүнүн пруденциялык ченемдерин эсептөө үчүн кошумча маалыматты, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык 4-форма боюнча.
33. Лотереяны уюштуруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй отчетторду берет:
а) ар айлык отчеттор (тез уюштурулуучу, тираждык, электрондук лотереялар үчүн) ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык 1, 2, 4-формалар боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берилет;
б) бүткөн лотереянын жыйынтыгы боюнча отчеттор (кызыктыруучу лотереялар үчүн) ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча лотерея аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
34. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 225 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. Ломбарддардын иши жөнүндө отчет кварталдык жана жылдык отчеттордун формасы боюнча ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык түзүлөт жана ал төмөнкүлөрдөн турат:
- ломбард боюнча жалпы маалыматтардан;
- ломбарддык иштин негизги көрсөткүчтөрүнөн;
- баланстык көрсөткүчтөрдөн;
- акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтардан.
Ломбарддардын иши жөнүндө кварталдык отчет отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде берилет.
Ломбарддардын иши жөнүндө жылдык отчет отчеттук жыл аяктагандан кийин 90 күндүн ичинде берилет.
Отчетко төмөнкүлөр тиркелет: бухгалтердик баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, ишкердиктин субъекттеринин финансылык-чарбалык ишинин бухгалтердик эсебинин эсептер планынын бардык саптары камтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 токтомунун редакциясына ылайык)