Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 «Ломбард ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-ноябры № 671
Ломбард ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- зайымчы үчүн ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес зайымдын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын өлчөмү жөнүндө маалыматты зайымчыга берүүгө.";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- эгерде зайымчынын укуктарын начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, зайым келишиминин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө жана толуктоого;
- ломбарддардын иши жөнүндө жана номиналдык пайыздык ставканы чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган, 12 пайыз кошулган ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасынын чегинен ашып кетүүгө. Ломбарддын зайымынын жылдык натыйжалуу пайыздык ставкасын эсептөө ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт;
- зайымдын суммасы 200000 сомдон ашкан зайым келишиминдеги маалыматтарды кошпогондо, зайым келишими боюнча жана зайымчы жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды кредиттик бюрого берүүгө.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- зайым келишиминин шарттарын зайымчыга берүүгө.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Ломбард өз ишин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык токтото алат. Бул үчүн ломбард жоюу жөнүндө (өзүнүн ишин токтотуу жөнүндө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ломбарддын ишин токтотуунун себептерин көрсөтүү менен катты, лицензиянын түп нускасын жана анын көчүрмөлөрүн, эгерде мындайлар болсо, ошондой эле ломбард ишин токтоткон күнгө чейинки мезгил үчүн анын иши жөнүндө отчетту берүүгө тийиш.";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 "Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчет (маалымат) берүү жана маалыматты ачыктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Отчетко төмөнкүлөр тиркелет: бухгалтердик баланс, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, ишкердиктин субъекттеринин финансылык-чарбалык ишинин бухгалтердик эсебинин эсептер планынын бардык саптары камтылат.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 11-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 242-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-14-пунктчалар менен толукталсын:
"12) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте отчет берүүгө жана маалыматты ачып берүүгө милдеттүү;
13) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зайымдарды берүүнүн, зайым берүү боюнча документтерди тариздөөнүн, күрөөнү тариздөөнүн тартибин сактоого милдеттүү;
14) ломбард ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган зайымдар боюнча жол берилген чектеги жылдык натыйжалуу пайыздык ставканы сактоого милдеттүү.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.