Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 13-февралы № 79

Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускама, 1-тиркемеге ылайык;

- Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускама, 2-тиркемеге ылайык;

- Товарларды бажы контролунда убактылуу сактоо жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;

- Бажылык коштоо жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;

- Эркин кампа жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;

- Бажы өкүлдөрүнүн жана электрондук соода операторунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар 6-тиркемеге ылайык;

- Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын жана электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар 7-тиркемеге ылайык;

- Бажы контролунун зонасын түзүү жана белгилөө тартиби, 8-тиркемеге ылайык;

- Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби, 9-тиркемеге ылайык;

- Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо тартиби, 10-тиркемеге ылайык;

- Кош коридор системасын колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо тартиби, 11-тиркемеге ылайык;

- Бажылык текшерүү тартиби, 12-тиркемеге ылайык;

- Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу тартиби, 13-тиркемеге ылайык;

- Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү тартиби, 14-тиркемеге ылайык;