Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 13-августу № 133

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Юстиция органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктунда:

1-пунктчасында:

үчүнчү жана сегизинчи абзацтарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацындагы "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн" жана "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Конституциялык сотунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11-пунктундагы "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;