| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-февралындагы № 99, 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 10-июнундагы № 307, 2022-жылдын 20-июнундагы № 326, 2023-жылдын 3-мартындагы № 130, 2024-жылдын 6-майындагы № 217, 2024-жылдын 23-майындагы № 264, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554, 2025-жылдын 16-июлундагы № 416, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605, 2025-жылдын 17-октябрындагы № 679 , 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – Министрлик) төмөнкү функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:
1) төмөнкү жаатта мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:
– мамлекеттик финансыны башкаруу;
– мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, ички контролу, бухгалтердик эсепке алуусу жана финансылык отчеттуулугу;
– бюджеттик кредиттерди берүү;
– мамлекеттик сатып алуулар;
– салыктык эмес кирешелер;
– баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;
2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү.
Министрлик ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 416, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат.
4. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.