Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

7-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 10-декабрындагы № 302

токтому менен бекитилди)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Баалуу металлдар департаменти жөнүндө

жобо

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592,  2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин (мындан ары ‒ Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук бөлүм болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Департамент өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен бирге аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.

6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгилүү үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналыктын өздүк эсептери бар.

Уюштуруу укуктук формасы ‒ оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.

7. Департаменттин толук фирмалык аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти”;

‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.

8. Департаменттин кыскартылган аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: “Баалуу металлдар департаменти”;

‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов”.