Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

2022-жылдын 24-июну № 347

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:

- 12-пунктунун 1-пунктчасынын он үчүнчү абзацындагы, 3-пунктчасынын биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бузуулар" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

"11) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде МБКнын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон жеке мүнөздөгү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык суроого, чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого, пайдаланууга, өткөрүп берүүгө жана коргоого;";

- 16-пунктунун 1-пунктчасындагы "анын ичинде төраганын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары," деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пунктундагы "Россия Федерациясынын бажы кызматынын МБКдагы өкүлү" деген сөздөр "Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү, Казакстан Республикасынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү," деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 8-июлунда № 60-61 жарыяланган

Кыргыз-Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров