Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине
караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлу № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик саналат, ал Ишканага жалпы жетекчиликти, анын ишин координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызкурал" при Министерстве обороны Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Enterprise "Kyrgyzkural" under the Ministry of Defense of the Kyrgyz Republic".