Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 1-августу № 435

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маянага эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөр 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин 48 бирдиктен турган чектүү саны.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:

- өзгөчө шарттарда иштеген адамдарга кызматтык маянасынын 45 пайызы өлчөмүндө үстөк (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164, 224-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);

- изотоптор менен түздөн-түз байланышта болбогон, бирок Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин аймагында иштеген жана радиоактивдүү нурланууларга дуушар болгон кызматкерлерге кызматтык маянанын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- эмгектик өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;

- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;