КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 440
Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан отчет берүүнүн жана маалыматты ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банктык эмес финансылык рынок деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун; камсыздандыруу ишин; аудитордук ишти; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин; пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишин; товардык жана фондулук биржалардын ишин, биржалык сооданы; лоторея жана күрөөкана ишин; оюн-зоок ишин камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт.";
- 13-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- оюн-зоок бизнесинин субъекттери үчүн оюндун эрежелерине карата минималдуу талаптарды белгилейт, ошондой эле кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашат;".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 токтомуна ылайык күчүн жоготту)