Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 516, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайыкк)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте эки күндүк мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууларды белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияларды түзсүн.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы "тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы," деген сөздөрдөн мурда "этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуудан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.