Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын аймагында
чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-январындагы № 7, 2024-жылдын 23-августундагы № 502, 2024-жылдын 28-октябрындагы № 646, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 784, 2025-жылдын 27-июнундагы № 367, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 855, 2026-жылдын 24-мартындагы № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жүрүү тартиби
3-глава. Жүрүүгө документтерди тариздөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана жүрүү, ошондой эле алардын чыгуу тартибин аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жарактуу документтин негизинде виза тартибинде Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен өтүүсү жана жүрүшү мүмкүн.
3. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар болуп миграция, калкты каттоо, тышкы саясат, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар саналат.
4. Ушул Жободо колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы боюнча далилдери бар адам;
2) жарактуу документ - инсандыгын ырастаган, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, талаптагыдай таризделген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ;
3) визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны тариздебестен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим;
4) Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык система;
5) чет өлкөлүк жарандын жүрүү мөөнөтү - чет өлкөлүк жаранга карата анын жарандыгына жараша колдонулуучу жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган жүрүү мөөнөтү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кайрадан кирүү мөөнөттөрүн эске алуу менен визалык же визасыз тартипте жүрүүгө уруксат берилет;