Загрузка документа…
Бишкек шаары
2008-жылдын 14-июлу № 143
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2017-жылдын 24-январындагы № 10,
2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо-
мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү
киргизилсин.
1. 8-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү)
өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү ор-
ганынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө
катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдо-
нууга;";