Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-декабры № 319
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46, 2017-жылдын 28-июлундагы № 157, 2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118, 2024-жылдын 12-январындагы № 14, 2025-жыдын 8-августундагы № 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьянын 7-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 16-статьяда:
2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
3-бөлүктөгү "жеңилдиктердин" деген сөз "социалдык гарантиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 18-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.".
2-берене.
(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
(КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-статьянын 5-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын.
2. 33-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.".
3. 34-статьянын 8- жана 9-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
7-берене.
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.".
2. 2-статьядагы "жеңилдиктерди" деген сөз "компенсацияларды" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 4-статьянын 1-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган, курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын аялы (күйөөсү);
- курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.".
4. 8-статьяда:
1-бөлүктөгү "жеңилдиктер менен гарантияларды" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "жеңилдиктер жана гарантиялар" жана "нормалардын чектеринде" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Социалдык гарантиялар жана компенсациялар" жана "өлчөмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-статьядагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 13-статьяда:
үчүнчү абзацтагы ", санаторийлик-курорттук дарылоо, дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "коммуналдык-турмуш-тиричилик жана" деген сөздөр алып салынсын;