Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 27-февралы № 8

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 322-берененин мамлекеттик тилдеги текстинде:

биринчи сүйлөмдөгү "салыктык" деген сөз "эсептик" деген сөзгө алмаштырылсын;

экинчи сүйлөмдөгү "каттоосу" деген сөз "эсептик каттоосу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Мамлекеттик тилдеги 344-берененин 2-бөлүгүндөгү "мөөнөттө" деген сөз "мөөнөткө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Атамбаев