Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 11-октябры № 171
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2013-жылдын 19-октяблрындагы № 195, 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202, 2017-жылдын 2-августундагы № 165, 2022-жылдын 5-августундагы № 87, 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100, 2023-жылдын 22-майындагы № 104, 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
3-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы №14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2013-жылдын 19-октяблрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
9-статьяда:
25-пунктунда "курал-жарак оңдоочу, пиротехникалык, штемпелдик-гравердук ишканаларды," деген сөздөр алып салынсын;
28-пунктунда "детективдик" деген сөздөн кийин ошондой эле күзөт" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: