Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 409 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-июну № 338
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (өнөр жай маселелерин тейлеген), комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (эл аралык аскер кызматташтык маселелерин тейлеген), комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин машина куруу, металлургия жана курулуш материалдары бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары (эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-саясий департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин аскер экономикасы, экспорттук контроль жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
"Озеро" биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
"Ак-Марал" корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Айнур заводу" ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
"Hyp" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).