Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 24-сентябры № 409
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитуу жөнүндө" токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 23-июнундагы № 338 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | У.А. Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары (өнөр жай маселелерин тескеген), комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдук менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин оор өнөр жай башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик контрчалгындоо башкармалыгынын кызматкери;
"Дастан" Улуттар аралык корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын директору;
"Озеро" биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
"Ак-Марал корпорациясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Айнур заводу" ачык акционердик коомунун директору;
"Hyp" ачык акционердик коомунун президента (макулдашуу боюнча);
"Улан" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Майлы-Суу электроламмалык заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).