Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-мартындагы № 45-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры № 445-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу "Узархив" агенттигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу "Узархив" агенттигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу "Узархив" агенттиги,
эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достук мамилени көңүлгө алуу менен,
Тараптардын мамлекеттеринин архив мекемелеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашуу га, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайда көрүүнүн жана теңчиликтин негизинде кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды пайдалануу, ошондой эле архив ишин маалыматташтыруу боюнча маалыматтарды жана иш тажрыйбаларын алмашат.
3-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык улуттук архив фондуларын Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын элдеринин тарыхы боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен улуттук архив фонддорун толуктоо максатында жана өз компетенцияларынын алкагында Тараптар бири-бирине архивдик документтердин көчүрмөлөрүн беришет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү акысыз, эквиваленттик негизде же Тараптар үчүн алгылыктуу келишимдик баада жүргүзүлөт.
Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү боюнча конкреттүү шарттарды Тараптар кошумча макулдашат жана өзүнчө келишим менен таризделет.
4-берене.
Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялашат жана макулдашылган тематика боюнча документтик көргөзмөлөрдү уюштурушат.
5-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ведомстволук архив мекемелеринин иштерине көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Ар бир Тарап архив документтеринин негизинде экинчи Тараптын жарандарынын жана мекемелеринин социалдык-укуктук суроо-талаптарын канааттандырууга көмөктөшөт.
7-берене.
Тараптар архив мекемелеринин ишин уюштуруу жана иш тартиби боюнча ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле архив иштери боюнча архив таануу жана илимий усулдук адабияттарды (иш эрежелери, илимий конференциялардын жана семинарлардын материалдары ж.б.) жана Тараптардын мамлекеттеринин архивдик мекемелери чыгарган архивдик документтерди алмашат.
8-берене.
Тараптар эл аралык архив уюмдарынын иштерине катышууга тиешелүү маселелер боюнча кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар мүчө болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
10-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
12-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуу, эгерде Тараптардын бири кезектеги мезгил бүтөөрүнө алты ай калганга чейин анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
________________ шаарында 2017-жылдын "__" ____________ кыргыз, өзбек, орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу "Узархив" агенттиги үчүн |