Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 2-марты № 45-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын "Узархив" агенттигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 445-б буйругуна күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын "Узархив" агенттигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын "Узархив" агенттиги эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достук мамилени көңүлгө алуу, Тараптардын мамлекеттеринин архив мекемелеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө умтулуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык теңчиликтин жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде архив иши жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар маалыматтарды жана документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды пайдалануу, ошондой эле архив ишин маалыматташтыруу боюнча иш тажрыйбаларын алмашат.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын элдеринин тарыхы жана маданияты боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен улуттук архив фонддорун толуктоо максатында, Тараптар өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде эквиваленттик же теңдештик негизде документтердин көчүрмөлөрүн табууда жана берүүдө бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.
Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү боюнча конкреттүү шарттарды Тараптар кошумча макулдашат жана өзүнчө келишим менен таризделет.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматтар же архивдик документтер аларды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алар суралгандан же берилгенден башка максаттарда колдонулбайт.
Ушул Макулдашуунун негизинде биринчи Тарап экинчи Тараптан алган маалыматтар же архивдик документтер аны берген Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
5-берене.
Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялашат жана макулдашылган тематика боюнча документтик көргөзмөлөрдү уюштурушат.
6-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын изилдөөчүлөрүнө мамлекеттик архивдерде иштөөгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар ушул макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды, эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча көтөрүшөт.
8-берене.
Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн карамагында болгон архивдик документтерди пайдалануу менен экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын жана уюмдарынын суроо-талаптарын карайт.
9-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара кызыкчылык жараткан архив иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларды, маалыматтарды жана документтерди, архив таануу, археография жана документ жүргүзүү маселелери боюнча адабияттарды, ошондой эле архивдик документтерди жарыялоолорду алмашат.
10-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
11-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун 13-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыгуучу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жыл колдонулат. Ушул Макулдашуунун колдонулушу, эгерде Тараптардын бири кезектеги мезгил бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
___________________ шаарында 20____-жылдын "____" _______________, эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын "Узархив" агенттиги үчүн |
_____________________________ |
| _________________________________ |