РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПТ № 220 (Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 14-ноябры ПТ № 220

Укук коргоо жана сот ишин өркүндөтүү, адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2025-жылдын 1-майына чейин:

- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;

- (КР Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 тескемесине ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна иштелип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун киргизсин.

(КР Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктар берилсин:

- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;

- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

Кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

 

(КР Президентинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы ПТ № 262 тескемесинин редакциясына ылайык)