Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
29-июнундагы № 445 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык) |
Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин)
техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик
жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл
алуунун тартиби жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-июнундагы № 445, 2026-жылдын 24-августундагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин (Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин) талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны (мындан ары - шайкештик жөнүндө декларация) каттоонун, колдонулушун токтото туруунун, кайра жандандыруунун жана токтотуунун эрежелерин аныктайт.
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 293 «Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештик жөнүндө декларациянын жана шайкештик сертификатынын бирдиктүү формалары жана аларды тариздөө эрежелери тууралуу» чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) (мындан ары - Бирлик) техникалык регламентинин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын бирдиктүү формасына жана аны тариздөө эрежелерине ылайык таризделген шайкештик жөнүндө декларация Евразия экономикалык бирлигинин берилген шайкештик жөнүндө сертификаттардын жана катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын бирдиктүү реестринде (мындан ары - Бирдиктүү реестр) катталууга тийиш.
Шайкештик жөнүндө декларация ага Бирдиктүү реестрде каттоо номери берилген учурдан тартып юридикалык күчкө ээ.
2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо үчүн арыз берүүчү продукциянын түрүнө жараша ыйгарым укуктуу органга, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органга же курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга шайкештик жөнүндө декларацияны жана ага тиркелген, ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды кагаз жүзүндөгү документтер түрүндө жеке өзү, салуу тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу жөнөтүү менен же Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагын пайдалануу менен электрондук документтер түрүндө берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Шайкештик жөнүндө декларацияга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
а) арыз берүүчү кол койгон жана төмөнкү маалыматтарды камтыган, ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо тууралуу арыз:
- арыз берүүчүнүн толук аталышы, анын турган жери (юридикалык жактын дареги) жана ишин жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - юридикалык жактар үчүн же фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо), жашаган жери жана ишин жүргүзгөн жердин дареги (даректери) (эгерде даректери айырмаланып турса) - жеке ишкер катары катталган жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жакты же жеке ишкер катары жеке жакты мамлекеттик каттоодо берилген арыз берүүчүнүн катталган же эсептик (жеке, идентификациялык) номери, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги;