Документке
Мурунку19.01.2026

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 11-сентябры № 554

 

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773, 2025-жылдын 31-майы № 302, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2026-жылдын 19-январындагы № 14  токтомдорунун редакциясына ылайык)

Жаңы11.09.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 11-сентябры № 554

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө

 

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;

3) экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 3-тиркемеге ылайык;

4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;

5) экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери 5-тиркемеге ылайык;

6) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоого келишим 6-тиркемеге ылайык;

7) Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика 7-тиркемеге ылайык.

2. Капиталында 100 пайыз мамлекеттик үлүш бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен региондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

·                 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын: