Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 11-сентябры № 554

 

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773, 2025-жылдын 31-майы № 302, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 , 2026-жылдын 27-февралындагы № 140   токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;

3) экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 3-тиркемеге ылайык;

4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;

5) экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери 5-тиркемеге ылайык;

6) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоого келишим 6-тиркемеге ылайык;

7) Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика 7-тиркемеге ылайык.

2. Капиталында 100 пайыз мамлекеттик үлүш бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен региондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. (Кыргыз Республикасынынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

·                    12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

·                    “белгиленген тартипте региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын башкарат;”.

5.         (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6.         (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.

10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.