Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды аныктайт жана белгилейт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат.
3. Ломбарддар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Ломбарддардын иши жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө", "Күрөө жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишин чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомун жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Ломбард ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган саналат.
2-глава. Ломбарддарды түзүү тартиби
4. Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилиги бар коом же толук шериктештик формасында түзүлөт жана юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
1) ломбарддын иши Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилүүчү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат;
2) ломбарддын уставдык капиталын түзүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана катышуучулардын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы банктык эсебине салынган акча каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Ломбард уставдык капиталынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ломбарддын уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде кармоого милдеттүү.
1) Уставдык капиталды көбөйтүү же азайтуу учурунда ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кабарлоо үчүн зарыл болгон кагаз жана/же электрондук түрдөгү документтердин тизмеги.
Көбөйтүүдө:
- уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө кабарлоо;
- уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо тууралуу буйрук;
- катышуучулардын уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечими;
- жаңы редакциядагы устав;
- коммерциялык банктан уставдык капиталды көбөйтүүгө сумманы киргизүү жана анын болушу жөнүндө кабарлоо берилген күнгө карата ырастоочу маалымкаты;
- ар бир катышуучу тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө киргизилген сумма жөнүндө квитанция же төлөм тапшырмасы;
Азайтууда (ушул Жобонун 5-пунктуна каршы келбеген):
- уставдык капиталды азайтуу жөнүндө кабарлоо;
- уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо тууралуу буйрук;
- катышуучулардын уставдык капиталды азайтуу жөнүндө чечими;
- жаңы редакциядагы устав;
- кассалык чыгаша ордери (накталай чыгашада) же банктын төлөм тапшырмасы (накталай эмес чыгашада), анда уставдык капиталдын түзүлгөн өлчөмүнүн суммасынан катышуучуга төлөөнүн негизи көрсөтүлөт;
2) кабарлоо өзгөрүүлөр келип чыккандан кийин он жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө, көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын көрсөтүү менен) менен бирге берилет.
Ломбард ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде берилген документтерди карайт. Алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ломбард ишин жүзөгө ашырууга берилген лицензиялардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Уставдык капиталды көбөйтүү же азайтуу үчүн берилген документтер ушул Жобонун жана "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келбеген учурда документтер шайкешсиздикти четтетүү үчүн арыз ээсине кайтарылат.