Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-октябрындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33»Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА
РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-октябры № 121
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө айылынын № 8198 шайлоо участогу жоюлсун.
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлсүн:
- № 8070 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Баткен району, Суу-Башы айыл аймагы, Жаңы-Достук айылы, 72 үй дарегинен Суу-Башы айыл аймагы, Жаңы-Достук айылы, Жаңы-Достук 2 көчөсү, н/ж, ФАПтын имараты дарегине;
- № 8179 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Баткен району, Суу-Башы айыл аймагы, Бужум айылы, М. Матисламов көчөсү, 107 дарегинен Суу-Башы айыл аймагы, Бужум айылы, Омонок-1 көчөсү, 52, балдар бакчасынын имараты дарегине;
- № 8170 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Гайдар көчөсү, 8, А. Гайдар атындагы орто мектептин имараты дарегинен Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, Кыпчаков көчөсү, 44, Караван аймактык башкармалыгынын имараты дарегине.
Төмөнкү шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары өзгөртүлсүн:
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын № 8061 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары 1-тиркемеге ылайык;
- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын № 8058 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык;
- Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын № 8180 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары 3-тиркемеге ылайык;
- Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын № 8070 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары 4-тиркемеге ылайык;
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде: