Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №212
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №46 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
-Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы №323 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
|
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 83 токтомуна 1-тиркеме. Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2019-жылдын 25-декабры №212 Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө (Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83, 2023-жылдын 20-июну № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык) Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №46 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Төмөндөгүлөр бекитилсин: -Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 1-тиркемеге ылайык; -Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык. 2. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы №323 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева). 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
|