КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 5-февралы № 57
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же
ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук
ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу
жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун
редакциясына ылайык)
Жерди пайдалануу процессин андан ары децентралдаштыруу, жеке адам-
дарга жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүүнүн так
жол - жоболорун жана укуктук зоналарга бөлүү принциптеринин негизинде
курулушка уруксаттарды алуунун тартибин бекитүү боюнча ишти улантуу
максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентяб-
рындагы № 290 "Инвеcтициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине кол-
доо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү ча-
ралары жөнүндө" Указы менен бекитилген Инвестициялык матрицанын 2.6-
пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын
акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо;
(КР Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редак-
циясына ылайык)
2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 3 - февралындагы
№ 57 "Чакан жана орто бизнестин объекттерин жана аз кабаттуу жеке мен-
чик турак үйлөрдү долбоорлоого, реконструкциялоого, профилин өзгөр-
түүгө жана курууга уруксат документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө"
токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538
"Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүү тартиби жөнүндө
типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 11-декабрындагы № 728 "Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик комиссия жөнүндө" токтомуна № 1 тиркеменин он төртүнчү
абзацы алып салынсын.