Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 17-июну ПЖ № 142

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу

(КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308, 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө талапкерлерди компьютердик тестирлөө алыскы райондордон тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө жүргүзүлөт. Бланктык тестирлөө өткөрүлгөн алыскы райондордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан белгиленет;

- муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө техникалык жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аныкталат.";

3) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

                        (КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев