Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 496
Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 472, 2014-жылдын 22-июлундагы № 405, 2018-жылдын 16-июлундагы № 323, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-ноябрындагы № 278, 2023-жылдын 29-майындагы № 290, 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 166 , 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик жогорку билим берүүнү эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2011-2012-окуу жылынан тартып айрым адистиктерди кошпогондо "бакалавр", "магистр" академиялык даражаларын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмү белгиленсин.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин.
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Бүтүрүүчүгө "бакалавр" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмеги;
- Бүтүрүүчүгө "магистр" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмеги;
- Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмеги.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын "бакалаврды" даярдоо багыты боюнча МАКЕТИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 472, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн
__________________________________________
(тизме боюнча коду - багыттын толук аталышы)
багыты боюнча ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү жаатындагы аныктаган тартипте башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген.