Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 113

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 192, 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512, 2015-жылдын 3-апрели № 188, 2019-жылдын 21-февралындагы № 81, 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165, 2020-жылдын 30-июлундагы № 405, 2021-жылдын 5-мартындагы № 77, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392, 2025-жылдын 26-августундагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

2-тиркеме

 

 

“3-тиркеме”

 

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)