Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 25 ноябры № 639
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы
№ 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы
“Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна
ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна тѳмѳнкүдөй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставында:
-6-пункт тѳмѳнкүдөй редакцияда берилсин:
“6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Профсоюз көчөсү, 184.”;
-7-пункттун экинчи - тѳртүнчү абзацтары тѳмѳнкүдөй редакцияда берилсин:
“ - аскердик багыттагы коммуникациялардын тарамдары боюнча мамлекеттик жана башка тапшырыктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн инженердик объекттерди, курулмаларды, социалдык, маданий арналыштагы объекттерди долбоорлоо, куруу, оңдоо жана пайдалануу;
- илимий-изилдөө иштерин келишимдик негизде ишке ашыруу, коргонуу кызыкчылыгында жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке киргизүү;