Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-мартындагы № 184

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 30-декабры № 713

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

"3800" цифрасы "6500" цифрасына алмаштырылсын;

2-эскертүүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- "социалдык иш" адистиги боюнча жогорку кесиптик же кесиптик орто билими, же болбосо медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык, юридикалык жана социалдык кызматтардагы аткарган ишинин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген башка багыттагы билими.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев