Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 17-марты № 142
"Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, А.А. Сасыкбаева, Н.В. Никитенко, Ж.Р. Сапарбаев жана Б.К. Калмаматов тарабынан демилгеленген "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштаган корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жьшдын 17-мартындагы №142 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, А.А. Сасыкбаева, Н.В. Никитенко, Ж.Р. Сапарбаев жана Б.К. Калмаматов тарабынан демилгеленген "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасыньш Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карал чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Аталган мыйзам долбоорлорунун негизги максаты болуп өлкөдө сырткы видео байкоо тутумунун киргизилишин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны түзүү аркылуу Кыргыз Республикасында кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды киргизүү эсептелет.
"Сырткы видео байкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Бул Мыйзам долбоорунун мазмуну анын 1-беренеде баяндалган предметине ылайык келбейт, ушуга байланыштуу жөнгө салуу предметин конкреттештирүү жана аны аталган мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатына ылайык келтирүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзамдын колдонулушу Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында сырткы видео байкоо тутуму менен жабдылууга тийиш болгон объектилерди пайдаланган юридикалык жана жеке жактарга жайылтылары белгиленген.