Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 20-октябры № 683
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 683 токтому менен бекитилген |
ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) ВИЧке медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өтүүчү адамдарга тестке чейинки жана тесттен кийинки кеңеш берүү тартибин аныктайт.
2. Психосоциалдык кеңеш берүү текшерилүүчү адам менен көмөк көрсөтүүчү жактын ортосундагы жашыруун диалог болуп саналып, ал психоэмоциялык стрессти жоюп, ВИЧ/СПИД боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
3. Психосоциалдык кеңеш ВИЧке медициналык текшерүүдөн (тестирлөө) өткөн бардык адамдарга берилет.
4. Психосоциалдык кеңеш берүүнүн негизги максаты болуп: