Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 6-июну № 274
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасында жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
1-тиркеме
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын УЛУТТУК ТИЗМЕСИ
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси (мындан ары - Тизме) дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2015-жылдагы Негизги дары каражаттарынын моделдик тизмесинин негизинде түзүлгөн.
Бул Тизмеде төмөнкүдөй шарттуу белгилер пайдаланылат: