Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-майындагы № 278
Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 179, 2022-жылдын 7-февралындагы № 52, 2022-жылдын 11-мартындагы № 121, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 491 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736, 2024-жылдын 10-майындагы № 230, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333, 2024-жылдын 31-июлундагы № 440, 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 701, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 784 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 , 2026-жылдын 13-мартындагы № 176 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволук мекемелеринин ишин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдүн кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар бекитилсин:
1) республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын, 1-тиркемеге ылайык;
2) республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык музейлердин, 2-тиркемеге ылайык;
3) клубдук мекемелердин, 3-тиркемеге ылайык;
4) А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, филармониялардын, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин, А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин, 4-тиркемеге ылайык;
5) драмалык жана музыкалык-драмалык театрлардын, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана куурчак театрларынын, 5-тиркемеге ылайык;
51) "Кыргыз улуттук "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин, 51-тиркемеге ылайык;
6) Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын жана гезиттердин облустук редакцияларынын, 6-тиркемеге ылайык;
7) «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин 7-тиркемеге ылайык;
8) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жана уюмдарынын алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялардын, 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы" мамлекеттик мекемесинин, 9-тиркемеге ылайык;
91) "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин, 91-тиркемеге ылайык;
10) Республикалык мамлекеттик фильмфондусунун жана Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүнүн дирекциясынын, 10-тиркемеге ылайык;
11) облустук, шаардык жана райондук кинодирекциялардын, 11-тиркемеге ылайык;